ЭЛДИК КАБАР: "ID паспортунун мөөнөтү бүткөн мигранттарды Орусиядагы Кыргыз элчилиги кабыл албай жатат" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Москва шаарында эмгектенген мигрант кайрылды. Анын айтымында, ID паспортунун мөөнөтү бүткөн мигранттарды Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги кабыл албай жатат. Элчилик жалпы жарандык паспорт алуу үчүн электрондук каттоодон өткөндөргө 7-8 күндүн ичинде жооп беребиз дешкен.

"Бирок 10 күн өтсө да эч кандай чакыруу болбой жатат. Ортомчулар жаңы паспорт жасап беребиз деп чоң суммадагы акча сурашууда. Элчиликке барсак күзөтчү киргизбейт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен да байланыша албай жатабыз. Биздин үнүбүздү ким угат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aibek_eka
2021-03-10 21:06:20
Биздин элчилик качан эле кыйратып иштепжурделе иштеген да эмес иштебейтда
+4
Aky12
2021-03-10 22:32:35
Ушу элчиликти жоюп салыш керек, элге пайдасы тийбесе, эмне кереги бар, айлык алып эле зыян кылышат
+4
Chungyz
2021-03-11 08:55:50
Элчилик Кыргызстандан чондорду тосуп алып сыйлап кайра узаткан орган башка эч пайдасы жок
+2
Nurelmadina
2021-03-11 18:14:26
Маскванын елчилигинде иштегендеди каролчу пол жугандарынан бери алмаштырыш керек барсан сени адам катары корбойт асмандан тушконсуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан