Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров кызматын убактылуу токтотту. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.
"Жаныбек Абиров убактылуу кызматын токтотту" деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле ал социалдык тармактагы баракчасында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышарын, ошондуктан убактылуу кызматын токтотконун билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоого 40 күн калганда кызматын токтотуу зарыл.
Жаныбек Абиров "Эмгек" партиясы менен жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышат.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерде шайлоо 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.