Самара Каримова Өзбекстандагы көп сериялуу тасмага тартылуу иштерине катышып, үн жаздырууда

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова көп сериялуу "Кодирхон" өзбек тасмасына тартылып жатканы кабарланган. Учурда ырчы Ташкент шаарында тартуучу топ менен бирге иш алып барууда. Тагыраагы, ырчы үн жаздыруу иштери менен алектенип жатат.

"Сериалды тартуу иштери дагы деле улантылууда. Башында 120 сериядан турары айтылган, бирок суроо-талап жогору болгондуктан 200 серияга чейин жеткирүү пландалып жатыптыр. Мен катышкан сериалдар 2-3 күндөн кийин экранга чыга баштайт.

Алдыда Өзбекстанда дагы тартуу иштерине катышам. Сериалга кыргызча саундтрек жазылууда, даяр болгондо мен аткарам", - дейт ал.

Тасмага тартылуу сунушун режиссёр өзү жасаган. Самара Каримова тартылып жаткан сериал ат таптаган инсандын жашоосун баяндайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bekuluik
2021-03-04 05:04:38
Ийгилик эжекеси, бирок ал жактан да кресло талашып журбогуло.
+11
Asmat84
2021-03-04 09:27:10
bekuluik,жоок эми кресло десе түшүнөн да чочуп ойгоно турган болду го
+5
Gulina90
2021-03-04 05:44:14
Өзбекстанга элчи болот деди беле адашпасам,креслого чуркабай,өзүнүн ырчылыгын кылса курсу көтөрүлөт эле.
+12
Haanykeim
2021-03-04 06:58:16
Кыргызстанда Самара,Өзбекистанда Самарахон болот экен да..
+12
Nuriza-2020
2021-03-04 07:51:47
Молодец
-7
nurgaz
2021-03-04 09:43:14
Ийгилик Самара
+1
Akyl78.1501
2021-03-04 10:12:46
Вой йалаап биз томонда нима килип юрибсан ха ха ха
-3
Nina.alex
2021-03-04 10:58:22
Бети табак,боктой болуп чокпогон неме экен
+1
Jelezo
2021-03-04 11:30:43
Сени көрө албагандар колунан эч нерсе келбеген ичи тар адамдар.
-8
dasta
2021-03-04 11:37:10
Оо самаш сулу мына,мына эми озуно келдин ама. Саясатка башынды оорутуп эмне кыласын тим боле сенин башын жетпейт. Андан коро ушинтип киного тартыл,Аскенин коздорунон таанып журо бер
+4
Paprikafm
2021-03-04 15:10:30
Кочуп кетсен да майли
+6
Nursul
2021-03-05 10:49:13
Ал жактан да бир мекеменин креслосун талашып Кыргызды шерменде кылбай тынч кайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан