Биз социалдык тармакта

Премьер-министр: "Өлкөдө азырынча күйүүчү майдын баасы туруктуу эле"

Премьер-министр Улукбек Марипов күйүүчү майлардын баасы жогорулашын көзөмөлгө аларын социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, нефтинин баасы дүйнөлүк аренада өсүп жатат. Өлкөдө азырынча күйүүчү майдын баасы туруктуу эле.

"Өзүңүздөр билесиздер дүйнөлүк масштабда азыр нефтинин баасы өсүп жатат. Акыркы алган маалымат боюнча 67 долларга жетип калды. Чийки нефти сырьёсу 31 пайызга өскөн.

Күйүүчү май Орусияда, коңшу өлкөлөрдө бир аз кымбаттады. Ошондуктан сиздерге кайрылып кетер элем. Өкмөт күйүүчү майга болгон бааны бир аз болсо да турукташтырууга колдон келишинче аракет кылабыз. Мына жазгы талаа жумуштары башталып жатат. Солярканын жетишсиздигин камсыз кылышыбыз керек.

Дүйшөмбү күнү өлкөдөн мунай жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салуу токтомуна кол койдум. Бул токтомдун жыйынтыгы жардам берет деп ойлойм.

Бизде азырынча күйүүчү майдын баасы туруктуу эле. Бизде бензин 40 сом болсо, ал эми коңшу өлкөлөрдө 60 сом болуп жатыптыр. Бул боюнча бир топ чараларды көрөбүз", - деди премьер-министр Улукбек Марипов.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kg.ka84
2021-03-03 20:37:25
Улуу урматтуу Марипов,сиз башка өлкөлөрдүн жашоо шартын,бюджетин жакшы билесизби,биз чимкириктердин айынан көөөп эле артта калганбыз,ошолор тоюп алсын анан өнүгөбүз деп,40с сиз үчүн арзан болсо,карапайым калк үчүн жаакшы эле кымбат деп ойлойм.
+4
Ale
2021-03-03 20:55:26
40 сом дейтко айыл жерлеринде 49 сом болду
+2
Rahat.
2021-03-03 21:08:03
Качанкыга чейин нефть кымбаттады дейбиз нефти озубуздон чыгып жатпайбы.казака светтен коз каранды болуп жатканда АША болуп салды жаныбыз тынды.Нефтини иштетиш керек Марипов мырза эч качан тиги мамлекет менен биздин мамлекетин баасын салаштырбаш керек.
+3
baisogur
2021-03-03 21:11:05
Rahat.,невти озубуздон чыгабыз???
-2
Asmat84
2021-03-03 21:16:02
Жаш эле туруп жалганды көбүрөөк сүйлөйт окшойт бул жигит. Коңшу өлкөлөрдө мен билем кечээ келдим 128 теңгеден сомго (25) сомдон куюп келдим. Бул Таджикистан менен авганистанды салыштырып атат окшойт
+8
Jelezo
2021-03-03 22:21:17
Asmat84, Россияда 43рубльдан
-1
Syrbek_90
2021-03-03 22:19:22
Атыкына 40 сомбу 43 сом дебейсинби жалган айтбай
+3
bond
2021-03-03 22:38:43
Анда эмне нефти 27 долларга тушкондо бензиндин баасы тушкон жок. Анда унчукпай пайданы чонтоко урдунар. Элди акмак деп ойлойт окшойсунар.
+5
Shaa-82
2021-03-06 13:15:27
Уже 92- 43,50 и 43,90 болдуго, мурда ак май 390 эле азыр 700, бензин 32,90 дон 43,90 которулду башка дагы толтура которулуп эле ататго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан