"Жакшы сүйлөп, жакшы отура элек". Курсан Асановдун жубайы суракка чакырылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова инсульт алган, бирок аны суракка чакыруу уланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Инсульт болуп азыр ооруканадан үйгө чыгарылды. Бирок ден соолугу жакшы боло элек. Инсульттан кийин калыбына келүү көп убакытты талап кылат, билесиздер да. Жакшы сүйлөп, жакшы отура элек. Бирок каржы полициясы, УКМК да суракка чакырып жатат. Азыр ден соолугуна байланыштуу УКМКнын имаратына жетмек тургай эшикке чыкканга дагы мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Тергөөчүлөргө айтсак дагы көнбөй жатышат", - деди Токтакунова.

Буга чейин Курсан Асановдун жубайы Күлнара Усенканованын УКМКда сурак берип жатып, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат тараган.

Эске салсак, буга чейин президенттике талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектелип, УКМКга суракка чакырылгандыгы боюнча маалымат тараган. Кийин аны Курсан Асановдун жубайы экендигин айрым маалымат булактары жазып чыгып, адвокат Таалайгүл Токтакунова бул боюнча да өзүнүн билдирүүсүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Syrbek_90
2021-03-03 22:16:37
Жегенден кийин жоопда бериш керек ушу акчалууларга иш козголсо эле инсульт же орукчан Боло калат иши жабылгандан кийин атай болуп чыга келет
+5
Nurislam-Nuraiym
2021-03-03 22:45:24
Канча акчаны жеп кабат кабат уйлорду алып салып анан ооруп калышат чиркин
+4
abusait
2021-03-03 23:06:24
Nurislam-Nuraiym,силер оз козунор менен кордунорбу же уктунарбы жегенин? Куру жалган дооматтын да жоопкерчилиги бар. Бул ачык эле саясый буйрутма куугунтук болуп жатат.
-9
mirlan2084
2021-03-03 23:43:04
камалсын бул шакал
+6
Akyl78.1501
2021-03-04 10:26:36
Иттин канчыгы дагы ит болот эч качан эшек болбойт. Бул дегени ит эмне жесе канчыгы дагы ошону жеген. Жооп бериш керекда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан