ЖКда Кыргызстандын тышкы карызын кечүү маселелери каралууда

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселеси каралганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жыйында Каржы министри эл аралык келишимдер тууралуу маалымат берди. Каржы министринин берген маалыматына таянсак, эки тараптуу келишимге ылайык, мыйзам кыргыз парламентинде ратификацияланып калса, Орусия Кыргызстандын 488,9 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кечкени турат. Карыздын 189 миллион доллары дароо кечилет, ал эми калган 300 миллион доллар насыя каражаты 2016-жылдын акырына чейин жоюлууга тийиш. Бул мыйзам долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан колдоо таап, маселени Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан