Ырчы Анжелика Бишкек шаардык кеңешке шайлоого аттанат. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Бишкек шаардык кеңешке аттандык. Калган маалымат 12-марттан баштап берилет. Биз болгону ыктыярчыларбыз", - деп жазды.
Ал "Биздин эл" партиясы менен шайлоого аттана турганын билдирди.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.