Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын берген маалыматына ылайык, райондо күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410 литрди түздү. Анын 589 миң 60 литри солярка, 41 миң 750 литри Аи-80, 170 миң 600 литри Аи- 92, 7 миң литри Аи-95 маркасындагы күйүүчү май. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыркы эки күн ичинде Исфана шаарында күйүүчү май тартыштыгы орун алган май куюучу жайларга күйүүчү май жеткирилип, тартыштык жөнгө салынган.

"Учурда Исфана шаарындагы май куюучу жайларда кезек күткөн унаалар жок, күйүүчү май 45,50 тыйындан сатылууда. Белгилей кетсек, бул күндөрү соляркага муктаждык болгон жок, дээрлик бардык май куюучу жайларда солярка жетиштүү болду, жазгы талаа жумуштарына кедергеси тийген жок. Тартыштык негизинен Аи-92 маркадагы күйүүчү майга болгон", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, күйүүчү майдын тартыштыгына Бишкек шаарынан базадан аз өлчөмдө чыгуусу себеп болсо, баасынын жогорулашына Орусияда, жалпы эле дүйнөлүк рынокто жогорулагандыгы себеп болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-03-04 09:19:11
Нефтинин баасы дүйнөлүк рейтингде арзандаган маалда да бизде арзандаган жокко. Ушул ишти териштирсе да бир миллионер кармалса керек эле.
0
Muratmipa
2021-03-04 10:17:58
Asmat84,32сом болдуго ошого да кудайга шугур кылыш керек
0
Nuuman
2021-03-04 13:58:17
Азыр деле 1 гана Партнёр нефть иштеп жатат. Калганында бензин жок.
0
Munir81
2021-03-04 15:38:59
Лейлекте бензин жок айланып тападык неге алдайт бир эле партнёр нефт алда тугонуп калды эртен келет дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан