"Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында 20 адам ичимдикке ууланып, 7 адам каза болду", - деп жергиликтүү тургун SUPER.KG порталына билдирди.
"Эки күн мурда айылдык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан адам аларды чакырып чай берген. Анда спирттик ичимдик дагы болгону айтылууда. Андан 20 адам ууланып, 7 адам көз жумду. Бири-биринин аркасынан эле кетип жатышат. Ооруканада дагы жатышат. Уккандан бери жүрөгүбүз түшүп отурабыз. Баары бир айыл өкмөттөн, болгону башка-башка участоктордон", - дейт жергиликтүү тургун.
Бирок милициядан уулануудан 7 эмес, 2 адам каза болду деп билдиришүүдө. Айылдык кеңешке талапкерлигин койгон адам чай берип, тургундар ошондон ууланганын азырынча расмий тараптар тактай элек. Ошондой эле жарандар ичимдикке ууланганы боюнча дагы расмий маалыматтар жок.