Аксыдагы адам өмүрүн алган уулануу. Кара-Суу айыл өкмөтү 5 адам каза болгонун маалымдады

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулангандар боюнча Кара-Суу айыл өкмөтү маалымат таратты.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 2-март күнү күндүзү Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде төмөндө аты аталгандар чогуу тамактанышкан. 3-март күнү ооруканага кайрылып башташкан. Учурда 5 адам каза болуп, 2 адам ооруканада.

Каза болгондор:

Кара-Суу айыл аймагынын Ийри-Булуӊ участкасынын тургундары:

62 жаштагы Ш.Т.

69 жаштагы Р. А.

Кезарт айылынын тургундары:

54 жаштагы Ч.М.

53 жаштагы Ж.К.

Чарба айылынын тургуну:

54 жаштагы Ч.О.

Жүзүм-Жан айылынын тургуну:

51 жаштагы М.Г. учурда оор абалда.

Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ш.Б. Аксы аймактык ооруканасынын дарылоо бөлүмүндө жатат. Абалы орто.

Айыл эли 7 адам каза болгонун айтышууда. Бирок милиция 3 адам болгон десе, айыл өкмөт 5 адам деп берди. Айылдык кеңешке талапкерлигин койгон адам чай берип, тургундар ошондон ууланганын азырынча расмий тараптар тактай элек. Ошондой эле жарандар ичимдикке ууланганы боюнча дагы расмий маалыматтар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-03-04 13:34:39
Массалык түрдө адам өлтүрүү менен кылмыш ишин козгош керек, ким күнөлүү канчалаган адамдар өлүп жатышат, балким кытайдыр, сууга аралаштырып берсе, талапкер күнөлүү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан