Өлкөдө февраль айында 4 миң 472 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мындан тышкары пенсияны кайра эсептөө үчүн берилген документтердин (эмгек стажы, эмгек акысы, эмгекке жарамсыздыгы боюнча топтун жана мезгилдин өзгөрүшү, багуудагы адамдардын санынын өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар) негизинде 851 жаранга пенсия кайрадан эсептелди", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылы пенсиялардын орточо өлчөмү 6 миң 61 сомду түзгөнү айтылган болчу.