Бүгүн, 4-мартта парламентте Жогорку Соттун судьялары Каныбек Бокоев менен Анархан Базаралиеваны кызматтан бошотуу тууралуу токтом каралды.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов судьялар өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын айтты.
Депутат Дастан Бекешев судьялар кызматтан эмнеге кетип жатканын сурады. Калматов бул боюнча маалыматы жоктугун айтып, арызда өз каалоолору менен кетип жатканы жазылганын белгиледи.
Жыйынтыгында депутаттар токтомду колдошту.