Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында спирт ичимдигине ууланып, 6 адам каза болсо, дагы бир жаран оор абалда жатканы кабарланган. Бүгүн, 5-мартка карата дагы 9 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
"4-март күнү Аксы районундагы аймактык ооруканага дагы 9 адам жаткырылды. Ага чейин дагы бир бейтап дарыланып жаткан. Муну менен бүгүнкү күнгө карата бейтапканада 10 адам дарыланып жатат. Абалдары канааттандырарлык", - дешти мекемеден.
Айыл эли 7 адам каза болгонун айтышкан. Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги ооруканадан үчөө каза болуп, андан тышкары дагы 3 адам үйлөрүндө каза болгонун, дагы бирөө дарыланып жатканын билдирген.
Ал эми Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын айыл өкмөт башчысы Дөөлөтбек Миңбаев SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын спирт ичимдигине ууланганы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, айылдык кеңешке талапкерлигин коюп жаткан Бурулкан Эргешова аттуу аял тургундарга сый-чай берген.