Аксыдагы уулануу. Министрлик кафеде отургандар беш бармак дагы, палоо дагы жегенин айтат

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында 6 адам ууланып каза болсо, дагы 10 жаран оор абалда ооруканада жатат.

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө 2-мартта уулангандардын чай үстүндө отурган видеосу келип түштү. Анда Жалал-Абад ОИИБи айткан 23-февраль менен 8-март майрамы эмес, алар "жарыштан утуп чыгыңыз" деп каалоо айтып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги айткан беш бармак эмес, палоо жеп жатышканын көрүүгө болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен чай үстүндө отургандар беш бармактан тышкары палоо дагы жегенин айтышты. "Кечээ, 4-мартта алдын ала ыкчам маалымат берилген. Уулангандар андан тышкары палоо дагы жешиптир", - дешти.

SUPER.KG порталы бул тасмада каза болгон адамдар бар болгондугу үчүн тасманы жарыялаган жок, бирок далил катары архивинде сакталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurik1988
2021-03-05 13:11:54
Спирттен эле болду
+1
Belek1710
2021-03-05 13:43:28
Беш бармак менен палоону кошуп, дагы эмне жешти экен! Министирлик?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан