Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертине күбө болушту

Президент Садыр Жапаров "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертине күбө болду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев түзгөн "Эл ырчысы Эстебес" тобу 7-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында аялзатынын эл аралык күнүнө карата "Ааламдан кең апа сенин бешигиң" аттуу концертин тартуулашты.
Концерттин сценарийин топтун көркөм жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жазган. Койгон режиссёру Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Максүтов. Эне темасына арналып, абийир, ыйман, мекен, миграция маселелерин чагылдырган театрлаштырылган концертте Кыргыз Республикасынын эл артисти Нуржамал Табалдиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Концертке өлкө башчы Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен келип, сахна чеберлеринин өнөр кечесине күбө болуп кайтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан