Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-март күнү болжол менен саат 23:00 чамасында кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып Токомбаев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Кызматкерлер айдоочунун тиешелүү документтерин текшерүү учурунда 1971-жылы туулган К.К. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусун Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.