"Жергиликтүүлөрдүн сүйүктүү майрамы". Эч бир дубанда белгиленбеген Лейлектеги жумуртка уруш майрамы өттү

Лейлек районунун Кайрагач айылында жылына бир жолу март айында жумуртка уруш майрамы белгиленет.

Бул тууралуу айылдын тургуну Шахабиддин Жабаров SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, бул майрам аялдардын майрамы 8-март күнүнө карата уюштурулат. Салтанат жергиликтүү жашоочулардын эң сүйүктүү майрамы жана ага катышкандардын жаш курагы чектелбейт.

"8-мартта жумуртка уруш майрамы өттү. Мен бул майрамды абдан жакшы көрөм, анткени эс тарткандан бери ушул майрамга катышам. Азыркы тапта 40 жаштамын. Биз бул майрамда жумурткаларды ар түрдүү түскө боеп, аларды уруштурабыз. Эки адам эки жумуртка алып, аларды уруштурушат. Эгер жумуртка сынбаса, ал жеңүүчү аталат, сынган жумуртканын ээси утулган болот. Ошондой эле кадимки жумурткалар сатылып, жумуртка базар болот", - деди Жабаров.

Белгилөөчү жагдай, окурмандын айтымында, бул майрам Кыргыз өлкөсүнүн Лейлектен башка дубандарында белгиленбейт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Ulia...
2021-03-09 11:50:06
Бул айылда кобу озбектер жашайт
+1
AdylbekB84
2021-03-09 11:54:18
Made in ozbekistan го бул жагы! Кандай болсо дагы Кыргызстанда тынчтык болсун! Мектептердин көбү кыргыз класска айланып кеткен эле буларда өтөлекко чамасы кыргыз тилине.
+5
Mirzita81
2021-03-09 12:02:24
Озбекче дагы эмес башкача суйлошотго
0
Napaleon
2021-03-09 12:17:58
Тукум уруш майрамы зорго
0
dkrf
2021-03-09 12:38:02
Домашний жумурканы кайдан тапса болот.
+1
Azat-123
2021-03-09 13:51:39
Кайсыл тилде сүйлөп жатышат?
Такыр түшүнбөдүм
0
bond0202
2021-03-09 15:07:47
Тажиктер окшойт
+2
Shaa-82
2021-03-09 15:37:31
Илгери бизде деле 1-майда уруштурчулек боеп алып аны дагы)))
+1
Syrbek_90
2021-03-09 16:53:56
Бизде деле уруштурат ноорузда 1 май 9 майда
0
Umarbek82
2021-03-09 18:16:26
Ноокаттын Кулатов айыл аймагында да ойнотулат. 1-май майрамында жана 9-майда. Көп жылдан бери ойнотулат. Аба ырайы кандай болгонуна карабай келишет.
0
Mister-XXX
2021-03-10 02:03:04
Майрам менен митинг эле көбөйүп кетти.
-2
AruuKasi
2021-03-10 10:42:11
Баткенде дагы бир эч бир жерде болбогон салты барго свет очуруп бир нерсе кылган салтыда бар
0
Nuuman
2021-03-10 11:27:38
Өзбекче кыргыз тажик диалектиси биригип кеткен. Булар Кыргызстандык өзбек туугандар. Мен Лейлектик кыргызмын. Таза кыргызча сүйлөйбүз.
+2
karabet
2021-03-10 13:14:24
жалан академиктер го ой бай
0
AykaMer
2021-03-10 17:42:10
Кандай сонун майрам... Аралаш жашаган кызыктуу негизи...ар кимдин ар кандай кызыктуу салттары бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан