Кыргыз өлкөсүндө алдамчылык менен соттолгон аял Орусияга качып кеткен. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын башкы прокуратурасы Кыргыз тараптын өтүнүчү менен соттолгон аялды экстрадициялаган.
"2014-2015-жылдары соттолгон аял жана аны менен чогуу жүргөн адамдар ар кандай шылтоолор менен төрт адамдын акчасын алып, андан ары алдап кетишкен. Келтирилген чыгымдын суммасы 2 миллион 488 миң 900 сомду түзгөн.
2015-жылы Ош шаардык соту жогорудагы аялды алдамчылык фактысы менен күнөөлүү деп таап эркинен ажыраткан. Ал 2017-жылдын 25-январында Ош шаарындагы №42 түзөтүү мекемесине алып келинип, "Эл Куту" ишканасында иштеп жазасын өтөп жатып, качып кеткен.
Качып кеткен аялдын Орусиядагы жашаган жери аныкталганына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратурасы Орусиянын Башкы прокуратурасына аялды өткөрүп берүү суранычы менен кайрылышкан. Алар талапты канааттандырып, 2020-жылдын ноябрь айында аялды өлкөгө өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.