Бүгүн, 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришүүдө. Анда артисттер 6-мартта орун алган окуя кандайча келип чыккандыгы, анын себептери боюнча түшүндүрмө берип жатышат.
"6-мартта болгон окуядан кийин ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатат.
Анда айтылган эл аралык мамилелерден же кичинекей келишпестиктерден сахнага чыкпай койду деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бизге каршы ар кандай маанайдагы маалыматтар тарап жатат.
Пандемияга чейин спектаклдер көп коюлчу. Ал эми айына бир жолу коммерциялык спектакль коюлчу. Ал эми учурда бир айда эки гана спектакль коюлуп жатат бир айда. Анын бирөө коммерциялык спектакль болуп жатат.
Кээ бир артисттер жумуш жок отуруп калышууда. Репертуардагы спектаклдер 450 сомго чейин болсо, коммерциялык билеттин баасы 1000 сомдон жогору.
Артисттер эмгек келишими жок иштеп келишет. Коммерциялык, бюджеттик спектаклдерде ойноп келишет. Биз коммерциялык спектаклге каршы эмеспиз. Ал өз убагында боло берсин. Бизде бюджеттик репертуарда ишемби, жекшемби күндөрү өтөт. Коммерциялык спектаклде артисттерге акы төлөнбөйт.
6-мартта болгон спектакль театр дагы, Маданият министрлиги дагы уюштурган жок. Үчүнчү жак, "Радужка" коомдук бирикмеси уюштурду", - деди Екатерина Белоус.