ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндөгү мал базардын ичи баткак, чыла, басып жүрө албайсың" дейт окурман (сүрөт)

Ош облусунун Өзгөн районундагы мал базары мышык ыйлагыдай абалда. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылды.

"Райондогу базарыбыз түштүк жергесиндеги эң чоң базар болуп саналат. Анткени базарга коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан соодагерлер келишет.

Албетте, базар акысы кымбат кымбат, бирок кымбат экенин эске алып, шартын оңдоп коюшса жакшы болмок. Базардын ичи баткак, чыла, басып жүрө албайсың. Карапайым эл кыйналды, базар администрациясы карап, көңүл буруп койсо", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
myrza_kyrgyz
2021-03-09 16:24:55
Мал базар малдай эле болот да,ошону деле жаза бересинби
-4
Aky12
2021-03-09 18:03:38
Бул эн маанилуу койгой, ошол базардан канчалаган адамдар нанын таап жейт, мал базар куну, базарга канча миндеген мал кирет, ар биринен 70-80сомдон акча алышат, ошол акчалар кайда кетет???Адамдарга удобный шарт тузуп, жок дегенде шагыл тогуп койсо болмок
+4
kkkk3259780
2021-03-11 07:58:43
бут эле базар ошондой..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан