"Коммерциялык спектаклге кошумча эч кандай акы төлөнбөйт" дейт театрдын кызматкери

Бүгүн, 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришүүдө. Анда артисттер 6-мартта орун алган окуя кандайча келип чыккандыгы, анын себептери боюнча түшүндүрмө беришти.

"Коммерциялык спектаклге катышпай коюубуздун себеби биринчиден бул үчүн акы төлөнбөйт. Бул суроолор буга чейин дагы 7-8 жылдан бери көтөрүлүп келет. Тилекке каршы, бизди укпай келишет. Биз өзүбүздүн маданиятыбызды көтөргүбүз келет. Ошондой эле Орусиянын артисттерин сыйлайбыз. Буга чейин дагы башка ар кайсы өлкөлөрдөн артисттер келип иштешип эле жүргөнбүз.

Коммерциялык спектакль болгонго чейин, атап айтканда, бир күн калганда уюштуруучуларды чакырып жолукканбыз. Биз ар дайым бул көйгөйдү чечип беребиз деп убада кылып келишкен.
Бирок эч кандай натыйжа чыккан жок. Алар бизди жөн гана укпай коюшту. Ошондуктан спектаклге катышпоого аргасыз болдук.

Эл аралык мамилеге доо кетирет дегенге жооп айта кетели. Биз Орусиядан келген артисттер менен жолугуп сүйлөштүк. Биздин жагдайыбызды түшүндүрдүк, алар туура эле кабыл алышты", - дейт Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, башкы солист Марат Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан