Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын жоюу тууралуу чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ликвидация боюнча комиссияга:
ЭККМК кызматкерлерин бошотуу жөлөк пулун, ошондой эле башка кошулуучу төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөө;
- кредиторлор менен эсептешүү жана ведомствонун дебитордук карызын төлөтүү;
- мүлкүн каттоо жүргүзүү;
- Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ликвидациялык балансын даярдоо жана аны өкмөткө бекитүүгө жөнөтүү;
- Мыйзамдарга ылайык, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Мамлекеттик кадр кызматына Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) бошотулган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- ЭККМК өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырылды.