
Баткендин Лейлек районунда азык-түлүк саткан дүкөндөн акча уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек районунда Кулунду айылындагы азык-түлүк сатуучу дүкөндөн 2021-жылдын январь айынын орто чендеринде белгисиз атуулдар түн ортосунда кирип, кассадагы 8 миң сом акчасын уурдап кетишкен.
Бул факты Лейлек РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсү жүргүзгөн иш-аракеттин негизинде аталган айылдын 22 жаштагы К.С. аттуу тургуну аныкталып кармалды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.