UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, америкалык мушкер Генри Сехудо спортко кайрадан кайтып келгенин жар салды. Мындай пикирин мушкер ЕSPN басылмасына берген маегинде айткан.
"Чемпион кайтып келди!", - деген ал.
Генри Сехудо 10-майда АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өткөн "UFC 249" турниринде америкалык мушкер Доминик Круздун үстүнөн жеңишке жеткенден кийин карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялаган.
Генри Сехудо 2008-жылы Кытайдын борбору Пекин шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча алтын медалга ээ болгон.
2019-жылы Генри Сехудо Валентина Шевченкону беттешүүгө чакырган.