Депутат Момбеков: "Конституция долбоорун ушундай зордук менен кабыл алабызбы?"

"Конституция долбоорун ушундай зордук менен кабыл алабызбы?" деп бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Комитеттин төрагасы, орун басары жок. Талант Турдумаматович, сиз мыйзамды жакшы билген адамсыз, регламент бузулуп жатканын билип жатасыз. Ушундай жерде калыстык сөзүңүздү айтып койбойсузбу. Референдум тууралуу мыйзам дейт, экинчи окууда тийиштүү комитеттин төрагасы сунуш бериш керек да. Конституция долбоорун ушундай зордук менен кабыл алабызбы? Уят да. Мейли эми түрмөдөгү адамга добуш бердиргиле, мүрзөдөгүлөргө бердиртип жатасыңар. Комитеттин мүчөлөрү жок, капталдан башка депутат сунуш берип жатат. Тарыхта, акыретте жооп беребиз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан