"Дары болсун", "Балашка", "Тийишпей сүйлө, уктуңбу", "Атаңызга татыктуу уул болгон жоксуз"... Эки депутат кайым айтышты

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Бакыт Төрөбаев менен Жанар Акаев кайым айтышты. Жыйында Конституция долбоорун күн тартипке киргизүү боюнча талкуу болду.

Депутат Жанар Акаев: "Кээ бир депутаттар капа болбогула. Биз регламент боюнча кетели десек, Конституцияны, Жапаровду колдойбуз деп жатышат. Атамбаевдин учурунда минтип, тигинтип сүйлөдүк дегендин кереги жок. Ага учурунда бийлегенсиңер, анын жообу баарыбызга белгилүү, эл жакшы билет", - деди.

Депутат Бакыт Төрөбаев: "Регламенттин негизинде өткөрөлү, мен аны туура көрөм. Азыр Жанар Акаев менин дарегиме кыйытып сөз сүйлөдү. Мен бир да президенттин баласы болгон эмесмин. Мага айткан дары деген сынды уялбай эле айтам. Ал киши өз ыктыяры менен кеткен. Биз ага баа бердик. Ал эми баласы атасын саткан чоң күнөө. Эч качан унутпагын сен ким элең, ким болдуң? Тийишпей сүйлөп жүргүн, уктуңбу иним!", - деди.

Акаев: "Катуу тийип чычалап жатканы жакшы. Мен максатыма жеттим. Депутаттарды ойготуп, намысына келтирип коёюн дегем. Түшүнүп, чычалап жатканы жакшы. Дагы бир жолу айтып коёюн сизге дары болсун. Бирок дары болбоптур. Мен сизге комментарий бербей, атыңызды атабагандан кийин ушинтип чыгып алганыңыз туура эмес. Мен ошол убакта Атамбаев менен иштегенге азыр дагы сыймыктанам. Мен сиздин ордуңузда болгондо чыгып сүйлөбөйт болчумун. Мен президенттердин этегине намаз окуган эмесмин, атаңызга татыктуу уул боло алган жоксуз. Сиздин атаңыз бул жерде депутат болгон", - деди.

Депутат Өмүрбек Бакиров күн тартибине өтүүнү сунуштады.

Төрөбаев: "Иним Жанар, сен менин президенттердин алдына намаз окуганымды көрдүң беле? Сени ошол адам (ред. Атамбаев) өстүрбөдү беле? 2016-жылы балашка сен эмес белең, сени ошол киши көтөргөн. Атамбаевге сен намаз окугансың", - дейт.

"Атаңызга татыктуу уул болгон жоксуз"... Эки депутат кайым айтышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazira...
2021-03-10 12:53:58
Жанар Чубак ажынын назарына калган, жарыбайт бул бала.
+10
Simels
2021-03-10 13:21:22
Туура, Атамбаев болбосо Жанар алдыгыл жылуу жерде тили сайрап отурбайт болчу!
+2
bratanyn
2021-03-10 13:36:42
Экөөң тең аппак эмессиң!
+8
Aidan_Ek
2021-03-10 13:57:57
Ушул жаш балдар чон кишилерге кемчиликтерин сылык гана айтса.
+3
supish2017
2021-03-10 22:50:36
Торобаевдин деңгээли ушул да
Создун маанисине жетпейт
-2
kamal777
2021-03-11 09:43:43
Биз качан онолобуз? Жер жузуно шерменде болдук.Бизди Эл катары корбой калышты.Токтотпойсунарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан