Төрөбаев: "Айрым депутаттар Конституцияга жамынып, өздөрүнүн бийликке болгон таарынычын айтып жатышат"

"Айрым депутаттар Конституцияга жамынып, өздөрүнүн бийликке болгон таарынычын айтып жатышат", - деп бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ал популисттик куру кыйкырык, ишти эч качан алдыга жылдырбай турганын жазды.

"Көчөгө чыгып кыйкырып, ызы-чуу кылбай, парламентте талаш-тартыш, талкуу болуп турганы жакшы. Ар бир депутаттын өзүнүн пикири, көз карашы бар. Аларды сыйлайбыз. Айрым кесиптештер Конституцияга жамынып, өздөрүнүн бийликке болгон таарынычын айтып жатышат. Алар популисттик идеяларды айтып, элдин көңүлүн башка жакка буруу аракетин көрүүдө.
Баарына эл тараза. Куру кыйкырык курсак тойгузбайт. Кимибиз реалдуу иштерди жасап, кимибиз популизм менен алек болуп келе жатабыз, анын баарын коомчулук көрүп турат. Кандай маселе болбосун эл чечет", - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан