Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароону сунуштады. Ошол учурда депутат Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев регламент бузулуп жатканын айтышты. Анда Бакыт Төрөбаев ушул маселе каралып жатканда президент, башкы прокурор, Жогорку Соттун төрайымы келип, мыйзам долбоору каралышы керектигин айтты.
Мындан кийин депутаттардын кайым айтышуусу башталды.
Депутат Жанар Акаев: "Кээ бир депутаттар капа болбогула. Биз регламент боюнча кетели десек, Конституцияны, Жапаровду колдойбуз деп жатышат. Атамбаевдин учурунда минтип, тигинтип сүйлөдүк дегендин кереги жок. Ага учурунда бийлегенсиңер, анын жообу баарыбызга белгилүү, эл жакшы билет", - деди.
Депутат Бакыт Төрөбаев: "Регламенттин негизинде өткөрөлү, мен аны туура көрөм. Азыр Жанар Акаев менин дарегиме кыйытып сөз сүйлөдү. Мен бир да президенттин баласы болгон эмесмин. Мага айткан дары деген сынды уялбай эле айтам. Ал киши өз ыктыяры менен кеткен. Биз ага баа бердик. Ал эми баласы атасын саткан чоң күнөө. Эч качан унутпагын сен ким элең, ким болдуң? Тийишпей сүйлөп жүргүн, уктуңбу иним!", - деди.
Акаев: "Катуу тийип чычалап жатканы жакшы. Мен максатыма жеттим. Депутаттарды ойготуп, намысына келтирип коёюн дегем. Түшүнүп, чычалап жатканы жакшы. Дагы бир жолу айтып коёюн сизге дары болсун. Бирок дары болбоптур. Мен сизге комментарий бербей, атыңызды атабагандан кийин ушинтип чыгып алганыңыз туура эмес. Мен ошол убакта Атамбаев менен иштегенге азыр дагы сыймыктанам. Мен сиздин ордуңузда болгондо чыгып сүйлөбөйт болчумун. Мен президенттердин этегине намаз окуган эмесмин, атаңызга татыктуу уул боло алган жоксуз. Сиздин атаңыз бул жерде депутат болгон", - деди.
Депутат Өмүрбек Бакиров күн тартибине өтүүнү сунуштады.
Төрөбаев: "Иним Жанар, сен менин президенттердин алдына намаз окуганымды көрдүң беле? Сени ошол адам (ред. Атамбаев) өстүрбөдү беле? 2016-жылы балашка сен эмес белең, сени ошол киши көтөргөн. Атамбаевге сен намаз окугансың", - дейт.
Ушул эле мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Евгения Строкова дагы өз пикирин билдирди.
Депутат Евгения Строкова эл өкүлдөрү президент мойнуна алып жатат деген сөздөн алыс болууга чакырды. "Садыр Жапаров Конституция боюнча жоопкерчиликти мойнуна алып жаткан жок. Бул куулук менен жасалган. Демилге ал аркылуу болуп жатат. Аягында Жогорку Кеңеш күнөөлүү болот. Силер чимкирик болгондон тажаган жоксуңарбы? Болду жетишет", - деди ал.
Депутаттар референдум жөнүндө мыйзам долбооруна добуш беришкен жок
Ошентип депутаттардын кайым айтышуусу менен коштолгон референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген жок.
Буга чейин депутаттар добуш берүү процессинде бири-бири үчүн же келбеген эл өкүлдөрү үчүн добуш берип койгон учурлары далай ирет талкууга алынып келген. Ал тургай абактагы депутаттын ордуна дагы добуш бергендер болгон.
Мында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү депутаттардын добуш берүүсүн тартууга даярданып жатышты. Бирок ага карабастан айрым эл өкүлдөрүнүн экиден мышка менен отурушкандарын көрүүгө болот.
Бирок бул мыйзам долбооруна добуш берүү кийинкиге жылдырылды. Айрым депутаттар бүгүн добуш берүү болушу керектигин айтышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аталган мыйзам долбоорун аппарат кызматкерлери добуш берүү тизмесине кошпогонун белгиледи.
Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровду качан сотко берише турганын айтты
Кечээ, 9-мартта Ак Үйдүн алдында Конституция добооруна каршы митинг өткөн. Анда митингдин уюштуруучусу Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровду сотко бере тургандыгын айткан.
SUPER.KG порталы Молдокматовго байланышканда, ал 1-2 күндүн ичинде сотко кайрыла тургандыгын билдирди.
"Азыркы учурда документтер даярдалып жатат. Бул аптанын аягына чейин даяр болот. Бул боюнча маалымат каражаттарына кабарлайбыз. Президент Садыр Жапаров парламент менен биргеликте бийликти толугу менен узурпациялап, мыйзамсыз иштерди кылып жатышат. Мыйзамсыз нерселерди токтотуш үчүн буларды сотко бериш керек", - деди ал.