Биз социалдык тармакта

Биргеликте көркөм тасма тартуу, "Сармерден" долбоорун уюштурууну талкуулашты. Маданият министри казакстандык кесиптеши менен жолугушту

Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын маданият министрлери бир катар долбоорлорду карап чыгып, макулдашууларга кол коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 10-мартта министр Кайрат Иманалиев Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова менен жолугушту. Анда Кыргыз-Казак мамилелери, маданий гуманитардык жана спорт тармагы боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
"Талкуунун жүрүшүндө биргелешкен көркөм тасма тартуу, театр гастролдорун өткөрүү, маданият форумдарын уюштуруу, эки мамлекеттин маданият күндөрүн, эки тараптуу “Сармерден” долбоорун ишке ашыруу жана башка маселелер да каралды".
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кайрат Иманалиев кесиптештерине кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалап, меймандарга чыгармачылык ийгилик каалады.
Ал эми коңшу өлкөнүн министри Актоты Раимкулова маданий жана спорт багыты боюнча кызматташууга даяр экендигин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Буга чейин тараптар улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга Нур-Султан шаарында кол коюшуп, бир катар маданий иш-чараларды биргеликте өткөрүүгө макулдашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-11 06:37:39
Билим берүү, саламаттыкты сактоодон тышкары, маданиятты унутпашыбыз керек, антпесе бизде бир дагы тармакта натыйжа болбойт. Маданият - тынчтыкта ​​жанаша жашоо үчүн негиз болуп берет. Маданият сабырдуулукка жана түшүнүүчүлүккө үйрөтөт. Ансыз адамзат болбойт. Маданият дагы жашоо сапаты жөнүндө сөз кылат. Бул адамдардын ортосунда ишеним жана тилектештик сезимин жаратат. Ал адамдарга ырахат жана бакыт тартуулайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан