Баткен облусунда уюлдук телефон уурдоого шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда өзү жашап жаткан үйүндө базар баасы 19 миң сомду түзгөн Samsung Galaxy A51 үлгүсүндөгү кол телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин жазган.
Бул арыз Жазык кодексинин 200-беренеси "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Баткен шаарынын 46 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалып, уурдалган телефон өз ээсине кайтарылып берилгенин кабарлашты.