21 жаштагы кыргыз жигити Сыймыкбек Алмазбек уулу Москвада метронун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Кенжебек Шайлообаев жазып чыкты.
Анын айтымында, окуя 9-мартта Москва шаарындагы Текстильщик метросунда болгон. Анда рельстин үстүнө кулап түшкөн адам мас абалда экенин, Сыймыктын жанында чечен жигити да болгонун айтат.
"Мындай чукул кырдаалда өз жанын тобокелге салып, башканы аман алып калуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Ал жерде канчалаган орустун жигиттери туруп жардамга кол суна алган эмес. Бул жигит өтө жөнөкөй, кичипейил жигит. Бар бол! Биз сени менен сыймыктанабыз!", - деп жазган ал.