Референдум жөнүндө мыйзам долбооруна эки мышка менен добуш берген депутаттар болду. Алардын бири "Бир Бол" фракциясынан депутат Эрмамат Тагаев Улугбек Ормоновдун ордуна добуш берди.
Ошол учурда эмнеге эки мышка менен добуш бергенин сураганда, ал "жолтоо болбогула" деп журналисттерге жооп берди.
Жыйын бүткөн соң SUPER.KG порталы ага кайрылганда, Улугбек Ормонов ага ишеним кат тапшырып кеткенин айтты.
Кечээ дагы ушундай көрүнүштөр орун алган.