Туулган күн тосушкан. Кара-Сууда массалык уулануудан эки аял каза болуп, 11 адам ооруканада жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда уулануудан 2 аял каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталынан райондун акимчилигине байланышканыбызда тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, кечээ бир аял каза болсо, бүгүн, 11-мартта эртең менен бирөөсү каза болду.

"Нариман айылында бир аял киши туулган күн өткөргөн. Биринчи күнү 15 адам конок болсо, экинчи күнү дагы 15 адам конок болгон. Уулануудан конок тоскон аялдын келини жана досу каза болду. Азыр 11 адам ооруканада жатат. Абалдары туруктуу. Ал эми каза болгондор ооруканага өтө оор абалда келишкен", - деди акимчиликтен.

Кыргыз жигити Москвада метронун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2021-03-11 13:30:12
Эмне болду экен спиртти сууга кошуп ичишпеди бекен.
0
Mustafo
2021-03-11 13:38:19
Belek1710,жок сууну спиртке кошуп ичишсе керек
0
Nurmat8921
2021-03-11 13:39:06
Мамлекет чабал болуп жатат Ноокат районунда сүт азыктары жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен ар бир дукондо сатылып жатат
+3
Rusi79
2021-03-11 14:23:18
Туулбай кал ээ 2кун да тособу туулган кунду, биринчи куну койгон салатары 2куну да койсо керек да.
+5
saparu
2021-03-11 19:11:52
Эмнеден болду экен Аксыдагы точно эле спиртен болгон 6 адамдан башка 4 адам олгон экен ошол аптекадан спирт алып уйуно барып ичишкен экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан