Менин жерим: Катар-катар тоо арасында жайгашкан көк шиберлүү Сары-Камыш айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылы тууралуу сөз болот. Айылдын кѳз жоосун алган жаратылышы, эмгекчил калкы тууралуу элдик дарыгер Дүйшөн Чомо уулу айтып берди.

“Ата Журттун нукура байлыгы - өз эли, өз жери”.

- Сары-Камыш айылы борбордон 250 чакырым алыстыкта жайгашкан Токтогул районуна караштуу айыл болуп саналат.

Сары-Камыш айылын алгач көргөн адам түгүл дайымкы жашоочулардын көбү билбестигинен эмнеге жайкалган көк шиберлүү төрдө орун алган айыл кайдан Сары-Камыш аталып калды деп айланасынан камыш издейт чыгар. Бирок ошол суроосуна жооп бере тургандай топ-тобу менен өскөн камыш азыр көзгө чалдыгары арсар. Көрсө, бул ат айылга бекер жерден коюлбаптыр. “Тегин жерден өрт чыкпайт” дегендей, канча бир жыл мурун азыркы айылдын ордун, тоо беттерин, өзөн ичин бербей камыш ыргалып өсчү экен. Ак-Кыянын жогорураак жагы 2 айрылыш кокту болуп кетет. Оң жагындагы кокту Ак Колот деп аталат. Мурун ушул Ак-Колоттон Кызыл-Таш аскасына чейин бүт бойдон камыш басып жаткан жер болуптур. Ошондой эле Кара Баткак, Моло, Сокур Булак, Боз Талаа, Туура-Суунун кокту-колоттору, жылга-жыбытчалары да дүңгүрөгөн камыштын мекени болуптур. Бийиктиги 4-5 метрге жетсе, жоондугу жөн эле чоң кишинин билегинчелик боло турган камыш арасы жан-жаныбарлардын, канаттуулардын азык таап жечү да, баш калкалоочу жайы да болуп калат. Карыялардын айтуусунда кийин түнт жыш камыш арасында жолборс да жорто баштайт. Алгач жапайы жандыктар менен гана азыктанчу эргул акыры ары-бери өткөн жолоочуларга да коркунуч туудурат. Адамдарга да кол салып баштайт. Жолборстун азыгы болуп калуудан корккон жолоочулар бул чөлкөмдөн каттабай машакаттуу алыс жол басууга аргасыз болушат.

Бирок адам баласы табиятка келтирген зыяны жагынан жырткычтардан ашып түшөт эмеспи. Камыштуу коктуларды тегерете отурукташкан бирин-серин үйлөр жылдар менен көбөйөт. Тиричилик камы үчүн жер өздөштүрүүнү көздөгөнбү же жырткычтарды жоготом дегениби, айтор адамдар баягы камышты орчусун оруп, калганын өрттөп, “этиң түгүл табагыңды таап ал” дегендей ойрондошуптур. Жер сууну бербей өскөн камыш канчалык коюу болсо да, акыры адамдын иш-аракетинен мына ушинтип жок болот. Бирок кылымдап өскөн камыштын өзү жоголсо да, заты жоголбой кийин ал аймакта отурукташкандар Сары-Камыш деп атап коюшкан. Азыр камышты Сары-Камыш айылынын ичинен сай жээктеринен үркөрдөй боло аз гана өсүп турганын көрбөсөң, негизинен дээрлик калбай деле калган.

Айылдын жаралуу тарыхы

- Сары-Камыш 4 тарабынан катар-катар бийик тоолор менен курчалганы аз келгенсип, шашпай бастырып жүрүүгө кенен түзү табылбаган тоо боорундагы айыл. Кудум адам буту жетпеген аскага салынган бүркүт уясы сымал. Чебер устанын колунан жасалып, күнгө кармаганда түркүн түскө кулпурган дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү таберик буюм сымалдуу көгүш, жашыл, кызыл, боз түстөгү тоолор айылды чар тараптан курчап турат. Тоолор арасында эмнелерди кезиктирбейсиң. Жан-жаныбардын түрү. А бул жерде өскөн чөптүн миң сан түрдүүлүгүн айтпай эле коёлу.

Ушундай бийик төрдүн этектерине жергиликтүү эл үй-жайын салып жашоо менен алек. Ал үйлөр тээ бийикке чыгып караган адамга тукумуна душман жетпегидей кылып, тал башына уя салган куркулдайдын уясын эске салат.

Түздүк жоктугуна карабастан кокту-колоттун жонуна, таманына, тоонун бооруна салынган үйлөр алгач көргөн адамдын үрөйүн учурчудай.

Анткени тоодо жашап сырын мыкты билген кыргыз баласы мындай жерде кышкысын кар көчкү, а жаз, жай, күз мезгилинде сел, кыяндан улам жер көчкү болорун мыкты билет эмеспи. А айылдагы тамдар так ошол тилсиз жоонун жолунда салынганы чоочундардын акылын айран кылар.

Бирок кылымдап жашап көнүп алгангабы, айыл эли коркпой, этпей эле күн кечирип, тиричиликтери менен алек. Тескерисинче, ары опурталдуу, ары кызыктуу аймакта жайгашкан айылдар Кыргыз өлкөсү боюнча сейрек экенин, алардын катарына Сары-Камыштын да киргени менен сыймыктанышат.

А бирок айылды айыл кылып ким түздү? Катар-катар тоо арасына айыл кандайча пайда болуп калды деген өңдүү суроолорго жооп бере кетели. 21-кылымдын босогосун аттап жалпы кыргыз жериндеги көпчүлүк айылдардын бири катары саналган Сары-Камыштын айыл болуп калышына мен билгенден 3-4 адамдын эмгеги өтө зор. Балким, мен билбей калгандары да бардыр, бирок ушул 4 адам айылдын түптөлүшүнө өтө бараандуу салым кошконун санжыра, тарыхты жакшы билген аксакалдар келиштире кеп кылып беришчү. Ал 4 адам: Райымбек болуш, Кудайберген болуш жана Курманалиев Мамбеткан, Кенжетаев Шакир. Булардын айылды түптөгөн эмгегин санап отурсак томдогон китеп болчудай. Ошондуктан кыска гана аларды атап көргөздүм.

Картага Бирлик деген ат менен кирип калган.

- Бирок Сары-Камыш деп саргая карасаң да, 3 күн үңүлө тиктесең да Кыргыз өлкөсүнүн картасынан Сары-Камыш аттуу айылды кезиктире албайсың. Анын ордуна Бирлик деп турган айылды учуратарың анык. Мунун да орчундуу себеби менен катар ары аянычтуу, ары узак убакытты камтыган тарыхы бар. Учурунда Сары-Камыштагы Упа Талкан, Бирлик, Кызыл Байрак (Кызыл Октябрь), Кең-Суу, Көл-Кыргоо сындуу 5 колхозду бириктирип Бирлик деген колхозду түптөй калышкандыктан Кыргызстандын картасына азыркыга чейин Сары-Камыш делбей Бирлик деп кирип калган. Жогоруда айтып өткөн орчундуу себеби дегенибиз ушул.

Сары-Камыш эли географиялык абалы татаал аймакта чачкын жайгашкандыктан аймактын борбор жана башка райондор менен байланышы абдан татаал машакат болуп келген. Ошондуктан СССР кезинде мындай татаал жерге жол салгандан көрө элин түздүктүү жерлерге көчүрүү оңой дешип, жергиликтүү элдин кийинки келечегине өтө зор жоготууларды алып келген чалагайым саясат жүргүзүлгөн.

Натыйжада бири тереңге, бири иренге чачылган "Манас" эпосундагы кыргыз урууларындай сары-камыштыктар айылынан көчүрүлүп республиканын туш тарабына таруудай чачылышкан. Элдин көбүн Жумгалга көчүрүшсө, туулган жерден кетүүнү каалабагандары туш келди көчө качышкан. Мындай чалагайым саясаттан улам көпчүлүк эл ачкадан кырылган. Алды Анжыян, Тогуз-Торо, Жумгал, Чүй өрөөндөрүнө отурукташып калышкан да, айылдын уюткусун түзгөн бирдиктүү эл сайда саны жок абалга келип жеткен.

Ошондо айылым бул сыяктуу саясатка тушугушпаганда азыр Сары-Камыш калкынын саны көп, азыркыдан алда канча чоң айыл болору шексиз эле. Колхоздоштуруу андан кийинки Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки мезгилде да жогору тараптан айылды көчүрүү боюнча маселе улам көтөрүлүп турган. Бирок ачарчылыкты ж.б азап-тозокту көрүп калган эл колунан келишинче туулган айылдарынан кетпөөгө умтулушкан. Элдин мындай аракетинен улам Төрөбай Кулатов баш болгон жетекчилер Аламүдүн районунун Киргизия колхозун караштуу деп табышкан. Мына ушундан улам айыл элинин көпчүлүгү Чүйдүн Ак-Суу районуна караштуу Петровка, Стретенка, Алты-Барак, Жаңы-Жер ж.б аймактарына тарап кетишкен.

1964-жылы Сары-Камыш айылын Аламүдүн районунун Киргизия колхозуна каратышат да Кенжетаев Шакир участканын башкаруучулугуна шайланган. Кийинчерээк айыл Суусамырдагы МЖСке анан Толук совхозунун №2 бөлүмүнө караштуу болуп калган. Бирок мында дагы жер шартына байланыштуу Бирликти 2ге бөлүшөт. Кызыл Байрак, Кең-Суу, Котур-Суу аймагы Жумгал өрөөнүнө жакын болгондуктан Жумгал районундагы Өрнөк колхозунун 2-бөлүгү болуп кошулган. Ал эми Упа Талкан, Көл-Кыргоо, Бирлик Токтогул районунун Толук совхозуна кошулуп калган.

Ал эми 1972-жылы Ошто кургакчылык болуп ал жердеги чарбалардын иши солгун тартып турган кезде Шакир башкарган Сары-Камыш чарбасынын иши Токтогул райкомунун 1-секретары М.Сыдыков, Кыргыз ССРинин айыл чарба министри М.Өмүралиев тарабынан жогору деп бааланган. Натыйжада мындай алдыңкы тажрыйбаны Ошко жайылтуу максатында айыл Ош облусунун Токтогул районуна каратылат. Бул да болсо Кенжетаевдин ишмердүүлүгүнүн аркасында болгон. Мына ушундан улам эл ичинде “Шакир Сары-Камышты кааласа Суусамырга, кааласа Токтогулга кошот” деген чындыгы бар тамашалуу кептер айтылып калган. Албетте, айтылган сөздүн чындыгы бар. Ошентип 1972-жылдан тарта айыл Токтогул районуна карап келе жатат.

Арктикага, Орусиянын кеңири сормо саздарына укмуш жол салган кубаттуу СССР өлкөсү да айылдын жолун талаптагыдай оңдой алган эмес

- Кантип деп ишенбейсиңер, бирок бул чындык. Азыр басма сөз беттеринде памирликтер унааны билбейт, алар ат, өгүз менен жүрөт деп таң калып жазышат. А Кыргыз өлкөсүнүн ичиндеги Сары-Камыш деген айыл элинин негизги унаасы кечээ жакынга чейин ат, өгүз, эшек болгонун эч ким билбейт. Унаа жол Жумгалдын Аралына чейин гана келгендиктен жүктөр ошол жерге түшүрүлгөн жана айылга болсо памирликтер сыяктуу ат, өгүз, эшектер менен ташылып турган. Агыны катуу суулар, ашуусу бийик тоолор көрбөгөн азапты көргөзгөндүктөн Совет бийлиги жол салууга нечен аракет жазаган.

Бирок ушунчалык татаал аймакта жайгашкандыктан айыл жолдорунун абалы боюнча Токтогул районунда гана эмес, республика боюнча арткы орундарда. Муну бул жолдон аркы-терки каттаган айдоочулар менен жүргүнчүлөр абдан жакшы билишет. Бүгүнкү күндө Сары-Камышка баруу үчүн 2 жактан жол салынган. Анын бири Токтогул-Сары-Камыш жолу болсо, экинчиси машакаттуу Кырк-Кыз ашуусу аркылуу өткөн Бишкек-Суусамыр-Кызыл-Ой-Кырк-Кыз-Упа Талкан-Сары-Камыш жолу болуп саналат. Бирок бул жол Кырк-Кыз ашуусундагы кар май-июнь айына чейин жаткандыктан жайкысын гана иштейт. Метрлеп жааган кардан улам бул жер ишин кеч күздө токтоткондо сары-камыштыктар айылына баруу үчүн Чат-Кыргоонун ичеги кардыңды аралаштырган узак жолу менен жүрүүгө аргасыз.

Мындан дагы айылдын айдоочуларынын көкөйүнө тийгени Сары-Камыш-Токтогул жолунун айрым жылдары кыш айларында жабылып калган кез саналат. Анткени бул жол райондун борбору менен байланыштырган негизги түз жолдордун бири. Аралыгы 180 чакырым бул жол ар кандай көчкү, кардан тазалангыча сары-камыштыктар Токтогулга жетүү үчүн Суусамыр аркылуу айланып 300 чакырымды басуу менен кош убара чегишип, араң дегенде Токтогулга жетишет. Мындай машакаттан улам сары-камыштыктарда “зарыл ишиң болбосо Сары-Камышта кубарыңдын куу чокусу барбы” деген икая айтылып келген. Машакаты көр азабына тең келген Сары-Камыш жолу илгери салынган боюнча каралбагандыктан азыр тамтыгы чыккан абалда. Ошол себептүү айыл эли азыркыга чейин канчалык чет элдик унааларды алгысы келсе дагы кыстаган жолдун айынан ала албай советтик жолтандабас УАЗ, Нива унааларын колдонушат.

Жолду оңдоо боюнча айылдыктар ар кайсы мекемелерге кайрылып келгенине карабастан чеке жылытарлык иш аткарылып, өтүнүчтөрү орундала элек. Эми минтип Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулуп баштаганы айыл элин чексиз кубанычка салды. Себеби бир кезде бирден гана атчан чубаган тоо боорундагы кыя жолдун ордуна катар машина жүрө турган трасса салынат жана ал жол айылга жакын жайгашкан. Эң негизгиси мамлекет Түндүк-Түштүк автожол долбоорун бүтүп алса, андан берки айылга чейинки 12 чакырым жолду акырындык менен жазап койсо Сары-Камышка илгери Мамбеткан байкем айткан “оомат оочу” кез болуп турат.

Кызыктуу жерлери..

- Сары Камышта кызыктуу кино тартканга издетпей табылчу кызык жерлер абдан көп. Замандын жакшырышы менен өлкөнүн көпчүлүк айылдары замандашып кеткен болсо, а бул айылдан элибиздин 1 кылым мурунку жашоосунан тарта тээ илгеркисинен бери көргөзгөн курулуштар бар. Маселен Көкөмерен дарыясы Нарын дарыясына кошулган жерде Сары-Камыш айылына тиешелүү болгон Үмөтаалынын көпүрөсүн айтсак болот. Үмөтаалы деген уста адам мык, цемент (ал кезде кайдагы цемент да кайдагы мык) колдонбой жалаң арча устун жана таш менен болжолу 1912-жылы тургузган ал көпүрө азыркыга чейин элге кызмат кылып келет. Мамлекет тарабынан салынган укмуш делген далай көпүрөлөрдү дарыя агызып талкалады а бирок Үмөтаалынын көпүрөсү 1 кылымдан ашык кызмат кылуу менен кыргыз деген курулушту билген эмес деген түркөй ойлорго каршы факты болуп келет.

Сары-камыштыктардын Тер-Жайлак аттуу жайлоосу бүт өлкөгө таанымал. Өткөн заманда кадимки Куйручук олуя катышып Токтогул, Эшмамбет сындуу топ акындын баарын сөзгө жыгуу ашты башкаруу укугун алган Райымбектин ашы так ушул жайлоодо өткөн. Азыр жайкысын жайлоодон чет өлкөлүк туристтер да үзүлбөйт.

Айылдын жаратылышынын ажайып кооздугу, жайгашкан ордунун чет өлкөнүн тасмаларынан гана көргөн уникалдуу жерлердей бөтөнчөлүгүнүн потенциалы менимче толук пайдалана элек. Жергиликтүү эл туристтерди тарткан шарт түзсө жемишин эселеп кайтарары шексиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан