ЭЛДИК КАБАР: "Сүлүктүнүн Кош-Булак айылынын бир көчөсүндө 3 айдан бери суу жок, барбаган жерибиз калган жок" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургуну кайрылды. Айтымында, алар жашаган Кош-Булак айылынын бир көчөсүндө 3 айдан бери ичүүчү таза суу жок.

"Алыскы Сүлүктү шаарына караштуу Кош-Булак айылынын Деканова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө 3 айдан бери суу жок. Жергиликтүү бийликтен, мэриядан, айыл өкмөтүнөн, суу башкармалыгынан бирөө келип сурап дагы койгон жок. Барбаган жерибиз калбады", - дейт окурман.

Ошондой эле окурмандын айтымында, аталган көчөдө жашагандардын басымдуу бөлүгү карылар, жаш балалуу үй-бүлөлөр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан