SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман кайрылды. Ал Бишкек-Москва аба каттамына болгон билет баасы дагы деле кымбат болуп жатканын айтып, качан билет баасы туруктуу болот деген суроосу жоопсуз калып жатканын билдирди.
"Авиабилеттин баасы дагы деле туруктуу болбой жатат. Бир жакта арзан болуп, бир жакта кымбат болууда. Мисалы Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө арзан, ал эми Кыргыз өлкөсүнөн Москвага кымбат. Москвадан Бишкекке 8-9 миң болсо, бул жактан Москвага билет баасы кымбат болуп жатат. Мурда эки жактын билет баасы бирдей болчу. Биз кете албай жатабыз. Премьер-министр Улукбек Марипов бааны качан көзөмөлдөйт?", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.