Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын атын атагысы келбеген тургуну билдирди.
"Мындай окуя буга чейин биздин айылда катталган эмес. 9-мартка караган түнү кошунабыздын короосуна бирөө жаңы төрөлгөн ымыркайды эч нерсеге оробой таштап кетиптир, саат канчада экени белгисиз. Ал үйдө азыр эч ким жашабайт. Үй ээси фермер болгондуктан март айынан баштап жайлоо тарапка көчүп кетишет. Бул жерге кыштоого гана келишет. Менин инилерим эртең менен ит ымыркайдын колун тиштеп келгенде көрүшүптүр. Алгач куурчактын колу деп ойлошуп, карап көрүшсө кан экен. Андан кийин башы менен колун иттер чайнап салган жаңы төрөлгөн эркек наристенин сөөгүн табышыптыр. Азырынча белгисиз, күндө милициялар келип сураштырып жатат", - дейт тургун.
Аталган маалыматты азырынча милиция расмий тастыктай элек. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.