Садыр Жапаров: "Кыргыз өлкөсү Өзбекстан менен кызматташтыкты чыңдоого даяр"

"Кыргыз өлкөсү бир тууган Өзбекстан менен жогорку деңгээлдеги мамилелерге ар дайым өзгөчө маани берет жана түзүлгөн тыгыз кызматташтыкты чыңдоого, тереңдетүүгө даяр", - деген президент Садыр Жапаров 11-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштүн туу чокусунда жана өткөн жылдагы саясий кайра курумдар учурунда Кыргыз өлкөсү бир тууган Өзбекстандын колдоосун толук сезгенин эске салган.

Буга байланыштуу азык-түлүк, медициналык шаймандар, ооруканаларды куруу түрүндө көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн Шавкат Мирзийоевге жана Өзбекстан элине ыраазычылыгын билдирген.

«Биз эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, интеграциялык жана эл аралык уюмдардагы өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Ошондой эле Шавкат Миромоновичти каалаган ыңгайлуу убагында Кыргыз өлкөсүнө жооп сапары менен келип кетүүгө чакырдым», — деген Садыр Жапаров.

"Мамлекет башчы кыргыз-өзбек өз ара байланыштарынын бардык маселелер комплексин мындан ары активдештирүү максатында эки тараптуу кызматташтык боюнча парламенттер аралык жана өкмөттөр аралык комиссиялардын, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн чек ара аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын акимдеринин кеңешинин кезектеги жыйындарын жакын арада өткөрүү пландаштырылып жатканын баса белгиледи.

«Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана биздин өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгында маанилүү орунду ээлейт. Ошондой эле биз бизнес өкүлдөрү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү жолу менен өз ара сооданы көбөйтүүгө макулдаштык. Кыргыз тарап соода жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди. Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосундагы бизнес форумдун жүрүшүндө соода жаатында кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында келишимдер түзүлгөнүн белгилей кетүү керек», — деп айтты президент.

Садыр Жапаров коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынып салынгандыктан, жакынкы мезгилде өз ара Маданият жана искусство күндөрүн өткөрүүнү жаңыртуу боюнча макулдашуу тууралуу айтты. Мындан тышкары регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, ар тараптуу кызматташуу форматында биргелешкен иш-аракеттер белгиленди.

«Жалпысынан, мен кыргыз тараптын Өзбекстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн ырааттуу мүнөзүн белгилегендигин айта кетейин. Ошону менен катар эле биздин астыбызда жасай турган көп иштер турат. Ага бизде каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар. Бир тууган Өзбекстан менен бардык багыттар боюнча натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан