Орусиянын Сургут шаарында (Ханты-Манси автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, эки кыргыз бала каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 11-мартта эртең менен Сургут шаарындагы турак үйлөрдүн бири күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүдө 2015 жана 2012-жылы туулган эркек бала менен кыздын сөөгү табылган.
Өспүрүмдөрдүн өлүмү боюнча факты Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 109-беренеси ("Эки же андан көп адамды кокустуктан өлүмгө алып келүү") менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Орус басылмалардын маалыматында өрттөнүп кеткен үйдө Кыргыз өлкөсүнөн келген бир үй-бүлө жашаганы айтылат. Болжолдуу өрт чыккан учурда балдар катуу уктап жатышкан жана жытты сезишкен эмес. Алар үйдү темир меш жана бир нече жылыткычтар менен жылытышчу.
Белгилүү болгондой, үйдө балдардан тышкары дагы эки аял жашаган. Апасы балдарын чоң энесине таштап, иштегени кеткен. Учурда чоң энеси дайынсыз болууда.