Баткенде жансыз денеси тикенектин арасынан табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын өлүмүнүн себеби дагы деле ачыктала элек

Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп жатып, кийин жансыз денеси табылган 6 балалуу Мактым Кожонованын өлүмүнүн себеби дагы да болсо ачыктала элек.

Облустук милициядан иш эмне болуп жатканын сураганыбызда ушул ишти караган тергөөчү эмгек өргүүсүндө экенин айтты.

Маалыматка ылайык, аялдын жансыз денеси ушул жылдын 24-январында өзү жашаган үйдөн 200 метрдей аралыкта өскөн тикенектин арасынан табылган.

Окуянын чоо-жайы:

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Мактым Кожонова 2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.

2020-жылдын 25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.

Ал эми өткөн жылдын 27-ноябрында Мактым Кожонова 11-класста окуган кызын эрте турмушка берип койгону боюнча тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Кийин SUPER.KG порталына Мактым Кожонованын Перизат аттуу кызы апасынын сырдуу жоголушу боюнча айтып, ойлоно берип ою, ыйлай берип көз жашы калбай деле калганын, туугандары Бишкекте дагы издеп жатканын билдирген болчу.

25-январда Баткен ОИИБи жансыз денеге экспертиза дайындалганын маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Haanykeim
2021-03-13 09:22:10
Жоопкерчиликти алгандан кийин неге эмгек өргүүсүнө чыгат.Ишти акырына чейин чыгарып анан чыкса болмок.Же булар бири-бирине шылтап атат же башка нерсе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан