"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкек-Күнтуу автожолуна жаңы асфальт төшөлбөйт, бирок жол жамалат" дейт тиешелүү мекеме

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Бишкек-Күнтуу автоунаа жолу абдан оор абалда. Чуңкурлардан качабыз деп көп авто кырсыктар болуп жатат" деп окурман кайрылган.

Бул боюнча Жол чарба департаментине кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Тилекке каршы, бюджет кыскартылганына байланыштуу Бишкек-Күнтуу автожолуна жаңы асфальт төшөө жумуштары аткарылбайт. Бирок акча каражатынын каржыланышына жараша жолду жамоо иштери аткарылат", - дешти мекемеден.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан