Балдардын энеси жумушка кеткен. Сургуттагы 9 жана 6 жаштагы кыргыз балдардын өрттөн каза болушу боюнча элчиликтен маалымат

Орусиянын Сургут шаарында (Ханты-Манси автономиялык округу) турак үйдөн өрт чыгып, эки кыргыз бала каза болгону маалымдалган. Бул окуя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.

"Сургут шаарына жакын жерден өрт чыккан. Анын кесепетинен 2 бала, Кыргыз жарандары каза болгон. Алар 2012-жылы туулган А.А. жана 2015-жылы туулган М.А.

Окуя болгон жерде Орусиянын тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө бөлүмү иштеп жатат, ошондой эле бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Бул жашы жете элек балдар апасы жана чоң апасы менен жашашкан. Окуя болгон учурда үйдөгү балдар чоңдордун көзөмөлүсүз жалгыз калышкан. Эртең менен апасы жумушка кеткен. Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси Сургут шаарындагы жууп-тазалоочулардын компаниясынын биринде иштейт. Такталбаган маалымат боюнча, операциядан кийин балдардын чоң апасы ооруканада жаткан. Учурда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясы каза болгон балдардын сөөгүн мекенине алып кетүүнү уюштуруу боюнча кыргыз коомдук бирикмелеринин активисттери менен координациялык иштерди жүргүзүп жатат. Бул маселе элчиликтин Сургуттагы канцеляриясынын көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.

Орусиянын Сургут шаарында турак үйдөн өрт чыгып, эки кыргыз бала каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nargiz-sa
2021-03-12 15:16:32
Байкуш балдар мамлекет камкордукту камсыз кылбай ушундай тагдырга туш болдук. Балдардын энеси да жалгыз бой окшойт, балдарын багам деп талаалап жүрөт да
+13
nazira...
2021-03-12 17:30:47
Айтпа, өтө кыйын болду байкуш энесине. Жыргаганынан кеткен эмес да талаага. Сабыр жакындарына. Качан оомат келет кыргызстанга, качан кедейликтен арылабыз, качан завод, фабрикалар иштеп калат бизде, качан тентибей өз жерибизде иштеп калат элибиз.
+10
raykray
2021-03-14 00:29:50
Эх журок титирейт((( негизи балдарга дайыма айтып туруш кк уйдон тутун жыт замыкание болсо сразу уйдон атып чыгып жардам сурагыла деп. Кичинекей тутун чон ортко айланат деп. Апасына чон апасына сабыр,
+1
kkkk3259780
2021-03-15 13:42:32
эн окунучтуу. апасына сабыр тилейм((((.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан