Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 11-12-марттагы Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапары жыйынтыкталды.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекеттик сапар Ташкент шаарында «Эгемендик» аянтындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл коюу менен башталган.

Андан соң «Куксарой» резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болуп, кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн президенттери биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда ачык-айкын, достук жана конструктивдүү маанайда өткөн сүйлөшүүлөрдүн үзүрлүү болгондугу белгиленди.

Ошондой эле кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун документке, анын ичинде Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Мамлекеттик сапардын экинчи күнү Өзбекстан парламентинин кош палатасынын башчылары — Олий Мажлистин сенат төрайымы Танзила Нарбаева жана Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуулардан башталды.

Ошону менен катар мамлекет башчы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Анда Абдулла Арипов жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Мындан сырткары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев "Куксарой" резиденциясындагы Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузушуп, Ташкенттеги «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик сапарын жыйынтыктаган президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарына кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан