Премьер-министр Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы психологиялык-неврологиялык жатак үйүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.
Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Өкмөттүн атынан балдардын психологиялык-неврологиялык жатак үйүнө балдарга кам көрүү каражаттарын сатып алууга 100 миң сомдук сертификат берилген.
Андан соң Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы менен таанышкан, мында бир жарым миңден ашуун шаардыктар тейленет. Жалал-Абад шаарынын үй-бүлөлүк медициналык борборунун имараты жүз жыл мурда салынган жана авариялык деп таанылган. Бирок 2016-жылдан бери жаңы курулуш объекттеринин титулдук тизмесине киргизилбей келет.
Премьер-министр учурда иштеп жаткан бейтапкананын аймагында жаңы имаратты куруу маселесин изилдеп чыгууну, ошондой эле шаардыктар үчүн ыңгайлуу башка жерге салуу мүмкүндүгүн кароону тапшырган.
"Мындан тышкары өкмөт башчы Жалал-Абад шаарындагы жападан жалгыз калкты тейлөөчү борборго барды, ал турак үйүнүн биринчи кабатында жайгашкан. Калктын агымынын көптүгүнө байланыштуу кезектер түзүлүп, шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратууда. Объекттин абалы менен таанышкан соң премьер-министр мурда завод жайгашкан Жалал-Абад мэриясы тарабынан сунушталып жаткан имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүүнү милдеттендирди.
Андан соң Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы авариялык абалда турган М.Бабкин атындагы мектеп-гимназия тууралуу маалымат алды. Премьер-министр бул окуу жайдын аймагында жаңы корпус куруу үчүн кошумча каражаттарды издөөнү карап чыгуу тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.