Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Москвада метронун рельсине кулаган адамды куткарган кыргыз жигити менен жолукту

Бүгүн, 12-мартта Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчисинин кеңешчиси Эдуард Насиров Москвада метронун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калган кыргыз жигити Сыймык Алмазбек уулу менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Насиров Сыймык Алмазбек уулунун тайманбастыгын белгилеп, оор кырдаалда көрсөткөн эрдиги үчүн элчиликтин атынан ыраазычылык билдирген.

"Буга чейин, 10-мартта болжол менен саат 17:30-18:00дө "Крестьянская Застава" метросунда белгисиз жаран электр поездинин акыркы вагонуна түшкөн соң, эсин жоготуп рельске кулап кеткен. Метронун кийинки поездинин келишине бир мүнөт калганда, 21 жаштагы Сыймык дагы башка жаран менен бирге рельске секирип, кулап түшкөн адамды метро станциясынын платформасына көтөрүп үлгүргөн.

Сыймыктын айтымында, ал рельске түшүү жөнүндө эч кандай ою болгон эмес, бирок өзү ал жакка кантип жеткенин түшүнбөй калган. Анын боорукер жүрөгү бул көрүнүшкө кайдыгер кароого жол берген эмес", - деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, буга чейин кыргыз жигиттин Москвада метронун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калганы маалым болуп, элдин алкоосуна алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AdylbekB84
2021-03-13 12:24:19
Россиядагы элчибиз аял адам элего депутат дагы болду эле Клара -Абсамат деген болуш керек.
+1
KaGaH
2021-03-13 14:19:48
AdylbekB84,элчинин кеңешчиси деп турат
+1
Kadyrova_
2021-03-13 13:46:13
Азамат Аллам өмүрүнү айдай багынды берсин.
+3
mirlanpiter
2021-03-14 10:37:28
Баракелде, Кыргыз элинин чыныгы Сыймыгы болуп жүрө бер иним, Кудай колдосун дайым
0
aruuzat88
2021-03-14 21:44:57
Садага болойун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан