Сокулукта 15 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиден төрөгөнбү? Чүй ОИИББи билдирүү таратты

15 жаштагы кыз 40 жаштагы киши менен жыныстык катнашта болгон деген окуя боюнча жабырлануучу тарап ишти кыскартуу боюнча тосмо арыз жазган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын декабрь айынын башында Сокулук районунун ИИБине Е.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган кызы Т. аттуу жаран менен жыныстык катнашта болгонун билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 164-берене (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында айыпталуучу Ош облусунда туулуп-өскөн 40 жаштагы Б.Т. экендиги аныкталган. Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, окуяны ар тараптуу териштирүү үчүн Б.Т. жана жабырлануу кыз суралып, Б.Т. аттуу жаран бул окуяга катыштыгы жок экендигин билдирген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган", - деп жазылат билдирүүдө.

Күнөөлүүнү аныктап жоопко тартуу үчүн жана окуяны ар тараптуу иликтөө үчүн бир катар ыкчам тергөө иш-амалдарын жүргүзүү зарыл болгон. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу Сокулук районунун прокуратурасына жогорудагы ишти кыскартуу үчүн тосмо арыз менен кайрылган.

2021-жылдын февраль айында Чүй облустук прокуратура тарабынан жогорудагы иш суратылып, тергөө кызматы тарабынан чогултулган материалдар облустук прокуратурага жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baha.A
2021-03-13 13:18:37
15 жаштагы чачын жайып азгырган эмеспи?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан