Президенттин басма сөз катчысы Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин айтты

Коңшу Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча билдирүүсүндө айткан.

Анын айтымында, Кыргыз тарап өлкө аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр, тагыраагы, анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан ээн-эркин өтсө болот. Ал эми өзбек тарап Үңкүр-Тоо аймагын Кыргыз өлкөсүнө берүүгө даяр.

Мындан тышкары, жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы жети өткөрүү пунктунун иши кайрадан жанданат.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен 11-мартта барган. Эки күндүк иш сапардын алкагында өлкөлөр ортосунда 22 документке кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
bekalife
2021-03-13 13:51:16
Ункур тоону Аксыда Унгар тоо деп аташат. Демек Озбекстан алып койгону чын экенда.
+12
Aibek_eka
2021-03-13 14:04:02
Озубуздун жер озубузгобу? Ар намысынар болсо Сох анкылабына каридор ачпагыла
+17
Amai
2021-03-13 14:29:02
Тоолу жерлер бизге ото суулу жайыт дыйканчылыка бай жерлерибиз аларга отуп кетпеселекен.
+8
ulan73
2021-03-13 14:48:24
Ункур тоо качан берилип кетти эле.
+10
Flowhive
2021-03-13 16:50:56
ulan73, Бакиев убагында
-5
nazira...
2021-03-13 21:05:00
Flowhive,покту жепсин,жаман нерсе болсо эөе 5 жыл иштеген Бакиев. Ал 15 жыл созулуп отурган Акаев кылган.
-8
emirchik
2021-03-13 14:56:24
Тушунбодум Ункур тоо Кыргызстандын жериго Ал тоонун устундо Телевышкалар станциялар бар Кыргыздар Иштейт Илгертен бери Кантип Озубуздун жерди озубузго берет Же биздин Презеденти Жаш бала деп алдап койдубекен 20 штук скори берип
+18
nargiz-sa
2021-03-13 15:09:18
emirchik,точно
+9
Kudi
2021-03-13 15:28:42
emirchik,темир сариев маалында берилип кеткенго телевишка турган тоо биздики теегизи өзбекстандыкы деп ошондо эле айткан
+6
jigit.paren
2021-03-13 19:22:54
Коридор ачылбай эле жөн гана элдери ээн эркин кыйналбай өтүүгө жол ачып берди ынтымактуу жашайлы деп
-10
Reebok-citi
2021-03-13 19:57:48
Бир жерди берип бир жерди албаса маселе чечилбейт туугандар
-9
Kombi
2021-03-14 02:01:00
Reebok-citi, ункур тоо биздин жер болчу уят жок Озбекстан
+1
nazira...
2021-03-13 21:07:47
Аларга чек ара аркылуу бизден кирип аткан сууну эле өзүбүз жакка буруп салыш керек, бүттү анан көрөт эленер алардын жалдыраганын.
+2
Arslan11
2021-03-13 22:01:05
Садыр еле дейсинер кыргызстандын суугат жерлерин берип таштак жерлерин алат Узбекистандын
+4
Baktiyar731
2021-03-13 22:15:40
Arslan11,башка нерсе колунан келбесе анан
+4
bekbol2006
2021-03-13 23:13:25
Сохко коридор ачсанар Эл силерди эч качан кечирбейт
+4
Goodyer
2021-03-14 03:29:36
Эмне Жапаров ал биздин территория деп айтканга жарабаптырбы. ### жаш баладай алданып.

+3
Gulipa
2021-03-14 08:06:46
Өткөрмө пункттары ачылса Кыргызстандагы дыйкандардын шору,эккен эгиндери өтпөй калат.Ортодогу бизнесмендер,таможенниктер байыйт.Бишкекти өзбекстандын овощтору менен толтурушат.Өзбекстандын теплицалары толтура,удобрение арзан, урук арзан, андыктан эккен эгиндери да арзан болот.
+1
Goodyer
2021-03-15 02:04:12
Gulipa,Бишкекте озбекстандан келген жер жемиш басып алганыга беш жыл болду
0
basyz-kaman
2021-03-14 12:47:59
Кандай болгон күндө дагы чек ара маселесин чечиш керек тезиреек. Бере турган жерди берип, ала турган жерди алып чек ара маселесине түбөлүккө чекит коюш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан