Менин жерим: "Бопуш" атка конгон белгилүү актёр Марат Жанталиев чыккан айтылуу Кара Кужур өрөөнү тууралуу баян (сүрөт)

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Кара Кужур айылы жөнүндө сөз болот. Аталган айыл жаратылышынын кооздугу, климаты менен өзгөчөлөнүп турат. Өрөөн тууралуу аймактын тургуну Эрлан Нурманбетов айтып берди.

Маалымат булактарында

Кара Кужур өрөөнүндөгү жер-суу аттары жөнүндө эң байыркы маалымат Манас дастаныбызда эскерилет. Солтон Сары жайлоосунда Манастын Чакмак ташы деген аска бар. Анда Манас баатыр чоролору менен чакмак таш (топ таш) ойноп жатып, кеч киргенде бир чакмак ташын таппай калат да ошол чакмак таш (аска) Солтон Сарыдагы Манастын Чакмак ташы деп аталып калат.

Андан кийинки жер-суу аттары кенен кездешкен булак бул Эр Табылды эпосу.

Ал эми кыргыз адабиятындагы өзгөчө жазуучу делген Кубатбек Жусубалиев да Кара Кужурда болуп коомдогу, аймактагы терс көрүнүштөрдү ашкерелеген кузгундар жөнүндө икаясын жазган.

Айыл тууралуу

Кара Кужур өрөөнү Нарын облусунун Нарын районуна караштуу аймак. Аймакта Жер Көчкү (150 түтүн), Туура Суу (50дөй түтүн), Лахол (200дөн ашуун) деген 3 айыл жана майда кыштоолор бар. Борбордон 250-300 чакырым алыс жайгашкан, климатын түшүнүп болбогон катаал өрөөн. Калкы мал чарбачылыгы менен тирилик кылышат. Кезинде Ысык-Көлгө да караштуу болуп келген өрөөн чынында Долонду ашып, Нарын облусуна караганы административдик ката. Андан көрө Кочкор району менен катташы жеңил жана жакын болгондуктан, документ, соода сатык, тиричилик иштерин жеңил бүтүргөнгө Кочкор районуна караштуу деп тапса элге жеңил болмок.

Лахол өрөөндөгү чоңураак айыл. Аталышы өткөн калмак жапырыгынан калган. Ла - кең, хол - суу деген маани, демек Лахол кыргызча Кең-Суу деген эле айыл. 1 мектеп, 1 оорукана, 1 клубу бар. Жакын жайгашкан кыштоолордогу тургундар жана Туура Суу айылынын балдары бул мектепте окушат. Лахол айылынан кыргыздын белгилүү этнографы Амантур Акматалиев жана маданияттын мыкты өкүлү, кино актёр Марат Жанталиев чыккан.

Жер Көчкү айылында 1 мектеп, чакан ФАП бар, эң түпкү чакан айыл. Өрөөндөгүлөр жалаң мал чарбачылыгы менен алектенишет. Башка жерлерден айырмаланып, топоз чарбасы үчүн мыкты шарттары бар жерлерден. Баса, тээ 70-жылдарга дейре төөлөр көп кармалган болсо, азыр дээрлик жок.

Булардан сырткары Кара Кужурда алтын кени чыккан Солтон-Сары жайлоосу жана аппак таш чыккан Ак-Таш кени бар. Бишкектеги Ак Үй, тарых музейи жана аянттагы имараттар биздин ак таш менен кооздолгон. Учурунда Турдакун Усубалиев Фрунзени ак шаар кылууну көздөгөнү менен ал тилеги толук ишке ашпай калган.

Айылдын тегерек четинде жергиликтүү эл калмак коргон деп атаган корумдалган таш дөбөчөлөр, топурак көргөндөр бар. Бирок алар калмак дооруна эмес, тээ б.з.ч 1 миңинчи жылга таандык тарыхый эстеликтер дешет археологдор.

Өзгөчөлүгү

Чүй облусу чырпык сайсаң чынар бак болгон бышыкчылыктуу жер болуп саналса, Кара Кужур тескерисинче чынар бак, чырпыгың өспөй, куурап куурай боло турган суук жер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eka98
2021-03-19 17:17:44
Айылым♥️
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан