SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Чаткал районунун тургуну кайрылды. Айтымында, аталган райондогу "Тез жардам" унаасы жараксыз абалга келген. Мындан улам ал президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоону туура көргөн.
"Чаткал айыл өкмөтүндөгү 4 айылды камтыган №2 ооруканабыздагы "Тез жардам" унаасынын эскилиги жетти. Бизде тез чакыруулар болгондо кыйналып жатабыз.
Өзбекстан 20 даана жаңы "Тез жардам" унаасын белек кылды, ошол унаалардан бирди бизге белекке бериңиз, жалпы Чаткал эли суранабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.