Бишкек шаарында жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-мартта милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 22:40 чамасында Чүй жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде Chevrolet үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.
"Унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган Ж.М. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча унаа айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочу Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.